Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жайгашкан KFC коомдук тамактануучу жайдын терезелерин талкалап жаткан жеринен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга шектүү тууралуу билдирүү кечээ, 23-декабрда саат 14:00 чамаларында келип түшкөн. Аталаган аймакты тейлеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун 20 жаштагы тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилди.
Милиция ал бул ишке эмне себептен барганын ачыктаган жок.