Бишкек абасы кир шаарлардын үчтүгүнө кирди 

Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу кечээ, 23-декабрда абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму кабарлады.

Маалыматка ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Мындан улам Бишкек шаары "өтө зыяндуу" деп табылып, жашоого кооптуу экени айтылды.

Мындай кырдаалда көчөдө аз убакыт жүрүү, үйдө аба тазалагычты колдонуу, бардык терезелерди жабуу жана сыртта беткап кийүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан