Милиция Ноокат мэриясынын бухгалтери менен жеке компаниянын жетекчисин кармады

Ноокат шаардык мэриясынын бухгалтери менен курулуш компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ноокат шаардык мэриясы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын негизинде орто мектептин спорттук аянтчасын оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялап, сатып алуу конкурсун өткөргөн.

Анын негизинде мэрия менен жоопкерчилиги чектелген коомдун (аты аталган жок) ортосунда эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок мэриянын жооптуу кызмат адамдары ишенип берилген акча каражатын оңдоп-түзөтүү иштери башталганга чейин эле ЖЧКга которуп жиберишкен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 61 жаштагы А.М. (бухгалтер) жана 45 жаштагы Б.У. (ЖЧКнын жетекчиси) кармалып, камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан