Кант шаарына жакын жерде жолдун тайгактыгынан улам катталган жол кырсыгында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин 23 жаштагы кызматкери Айдай Абдыкулова каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.
Айдай Абдыкулова 2023-2024-жылдары Бурана айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеген. Андан кийин айылдар кошулганда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикте башкы адис болуп эмгектенип жаткан.
Кырсык болор алдында ал Ысык-Ата районунун тургунунун жерин өлчөө үчүн бара жаткан. Жолдон ал отурган Volkswagen Golf III унаасы тайгактан улам каршы тилкеде келе жаткан КамАЗ менен сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил унаадагы эки адам каза болсо, алардын бири Айдай Абдыкулова болгон.
Айдай Абдыкулованын сөөгү 22-декабрда өзү туулуп өскөн айылында жерге берилди.
Буга чейин облустук Кайгуул кызматы жеңил унаанын дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге жараксыз болгонун билдирген.