Таласта мамлекетке кайтарылган 2 жер тилкенин наркы айтылды

Талас облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 2 жер тилке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Бакай-Ата айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 28 миң чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Мындан улам райондук прокуратура келтирген административдик доо арыз сот тарабынан толугу менен канааттандырылып, баасы 3 миллион 52 миң сомду түзгөн жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ошондой эле Акназаров айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө тиешелүү 700 чарчы метр жер тилкеси дагы мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилгени аныкталган. Натыйжада келтирилген прокурордук актынын негизинде 2 миллион 450 миң сомго баалаган тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан