"Жакындарыңдын өмүрүн сакта!" ӨКМ иске уулануунун алдын алуу ыкмаларын атады

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан өзгөчө коркунучтуу. Иске уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт. Алсак, транспорт каражаттарынан чыккан газдан, көмүртек кычкылы менен уулануу турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрткө уулануудан да болушу мүмкүн.
Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, мештеги жаракалар кайгылуу окуяларга алып келет.
Иске ууланууну алдын алуу, ууланган адамга жардам көрсөтүүнүн алгачкы кадамдары боюнча ӨКМ ыкмалардын бир нечесин тизмектеди.
Ууланган адамга жардам көрсөтүүнүн алгачкы кадамдары:
- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу жакшы.
- адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага үзгүлтүксүз чыгуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүү зарыл.
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “Тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.
Өзгөчө кышында иске ууланып, өмүр менен кош айтышкандар көп кездешет. Андыктан кышында өрт коопсуздугунун эрежелерин туура сактоо зарыл:
- бузулган электр розеткаларын жана вилкаларын, өчүргүчтөрдү колдонбоңуз;
- колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоңуз;
- күйүүчү материалдарды чатырларда, жер төлөдө сактабаңыз;
- балдарды үйдө кароосуз калтырбаңыз;
- тиричилик электр приборлорун, радио жана телевизор жабдууларын, күйгүзүлгөн газ плиталарын кароосуз калтырбагыла;
- күйүүчү объекттердин жанына электр жылыткычтарын орнотууга болбойт;
- морлорду жана жылытуучу мештерди тазалаңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан