Жазаларды аткаруу кызматы Чүй облусундагы №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди.
Маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ноябрь айында аталган мекемеде ЖАКтын ички иликтөөсү жүргүзүлгөн. Анда тамак-аш менен камсыздоодо мыйзам бузуулар аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган материалдар зыяндын толук суммасын аныктоо жана андан ары тергөөгө өткөрүп берүү үчүн ички аудит бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Андан соң милицияга өткөрүлүп берилген.
Учурда Жаза аткаруу кызматы башка мекемелерди да текшерүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-декабрда ИИМ Чүй облусундагы түзөтүү мекемесинин кызматкерлери кылмышка шектелип кармалганын билдирген. Тергөөдө алар узак убакыт ичинде түзөтүү мекемесинен азык-түлүк уурдап, кайра сатып жүрүшкөнү айтылган.