Баткен шаарында жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган балатынын бийиктиги 17 метрди түзгөн. Иш-чарага президенттин Баткен облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов катышып, тургундарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Ошону менен катар балатынын жандырылышында майрамдык иш-чара өткөрүлүп, шаардыктар жана конокторго арналган концерттик программа уюштурулган.