Өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына шаардагы таштанды челектерине таштандыны салбай ыргытып кеткен жарандардын видеосун жарыялады.
Анда президент кыргызстандыктардын арасында кайдыгер адамдар бар экенин белгиледи.
"Элибиздин арасында кайдыгер, балит адамдар бар. Айрыкча Бишкек, Ош шаарларыбызда.
Мен шаар жетекчилерин "Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!" деп урушам. Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик? Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?!
Анан мэрлерди "Таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби" деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт. Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар. Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?!
Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек", - деп жазды Садыр Жапаров.