Министрлер кабинетинин жана Ички иштер министрлигинин буйругу пландуу ротацияга ылайык кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, өзгөртүүлөр иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Ага ылайык, 23-декабрдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен ИИМ Академиясын башкарганы Азамат Ногойбаев барды.
Ал эми 23-декабрдагы Ички иштер министрлигинин буйругу менен:
- милициянын генерал-майору Тариель Абитов – ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
- милициянын полковниги Оролбек Акпаров – ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысынын орун басары кызматына дайындалды;
- милициянын полковниги Алмаз Осмонбеков – ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
Ал эми милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИБинин башчысы кызматынан ардактуу эс алууга узатылып, ордуна полковник Жолболду Көчкөнов дайындалды.