Бишкек мэриясы соттун чечиминин негизинде Жибек Жолу проспектиси, 202 дарегинде мыйзамсыз орнотулган объектилерди алып салды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай төмөнкү объектилер демонтаждалды:
- аянты 64,4 чарчы метр болгон кафе;
- металл менен тургузулган капиталдык тосмо, аянты 167 чарчы метрди түзөт;
- аянты 54 чарчы метр болгон коомдук даараткана;
- эки күркө.
Натыйжада 314 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бул аймакты пайдаланууну жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Мындан тышкары аталган аймакта чоң П-формасындагы жарнама щитин алып салуу менен, шаар чөйрөсүнүн визуалдык кабыл алуусун жакшыртууга көмөк көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.