Орусиялык оор салмактагы мушкер Александр Емельяненко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыздарга кандай комплимент айтпаш керектигин айтты.
Мушкердин айтымында, кыздар канчалык сулуу болбосун муруту тууралуу айтууга болбойт.
"Жигиттер, эсиңерде болсун, кыздар канчалык сулуу болуп турса дагы, анын муруту тууралуу комплиментти айтпаш керек", - деди Емельяненко.
Александр Емельяненко 43 жашта. Орусиялык мушкер 2021-жылы AMC Fight Nights 106 турниринде биринчи раундда бразилиялык Марсио Сантоско муунтуу ыкмасы менен утулуп калгандан бери расмий түрдө ММА эрежеси боюнча беттеше элек.