Акыйкатчы институту интернетте камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкектеги тергөө абагына барды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-декабрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кайрадан Бишкектеги тергөө абагына барышкан.
Алардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалгандар ачкачылык жарыялоодо. Мындай ачкачылык жарыялоо менен алар күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.
Камалгандардын ичинен К.Д. жана Д.Ш. аттуу жарандар акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун айтышкан.
Алардын айтымында, абактын кызматкерлери союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери – шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени аныкталды.
Акыйкатчы Институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакытка чектөөсүз эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертет.
Аталган институт тергөө абагынын жетекчилигинин абактагыларга келгендерди жолуктуруу графигин өзгөртүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдоду. Ошондой эле тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Мындан тышкары институттун кызматкерлери Темирлан Султанбеков жана анын камералаштары менен баарлашкан. Кызматкерлер анын денесине кароо жүргүзүп, эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери жок экенин көрүшкөн. Бетинде көгөргөн тактарды ал ошол күнү сейилдөө учурунда тайып жыгылып уруп алганын билдирген.
Бирок 21-декабрда ал институттун кызматкерлерине башкача көрсөтмө берип, ага карата физикалык күч колдонулганын тастыктаган. Акыйкатчыга жазган арызында ал укугун коргоп берүүнү суранган.
Тергөө абагынын кызматкерлери 20-декабрда камераларга тыюу салынган предметтерди киргизбөөнүн алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашкан.
Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алды.