Сүйүнчү! Ошто 27 жаштагы келин 3 эм төрөдү

Ош облустук төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 17-декабрда Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1997-жылы туулган Нодирабегим Сабирджанова аттуу тургуну операция жолу менен үч эмди жарыкка алып келген.

Ымыркайлар 2 килограмм 400 грамм (кыз), 2 килограмм 400 грамм (эркек), 2 килограмм 300 грамм (эркек) салмакта төрөлгөн.

Учурда ымыркайлардын абалы жакшы. Убактысына жетпей, ара төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан