Бишкекте жаңы жылдык иш-чаралардын биринде катышуучулардын бири алып баруучунун колунан микрофонун жулуп алып, аны башка чаап жиберди. Окуянын видеосу бүгүн, 24-декабрда социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка караганда, окуя "Facebook party" мыктыларды аныктоо иш-чарасында болгон.
Видеодо ал адам алгач алып баруучу баланы уруп, андан соң кызга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.