Бишкекте бир канча автобустар Жаңы жылга карата кооздолууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бишкек шаардык транспорт" башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда дагы автобустар кооздолууда.
Айдоочулар аяз атанын кийимин кийип, кичинекей жүргүнчүлөргө таттууларды таратышууда.
Айрым айдоочулар жүргүнчүлөргө каалоо-тилектерди айтып, жаңы жылдык маанай тартуулашууда.
Белгилей кетсек, Бишкектеги коомдук транспорттор жыл сайын жаңы жыл алдында кооздолуп келет. Буга чейин эң мыкты кооздолгон коомдук транспортторго акчалай сыйлыктар берилип келчү.