Бишкектеги ресторандардын биринде Жаңы жылдык иш-чарада алып баруучуларды микрофон менен башка чаап жиберген активист Илимбек Исраилов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча ресторандын администраторунун арызынын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Кармалган 36 жаштагы жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин ал Октябрь РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Жаңы жылдык иш-чаралардын биринде катышуучулардын бири алып баруучуларга кол көтөргөн видео тараган. Видеодо ал адам алгач алып баруучу баланы микрофонун жулуп алып башка чаап жибергенин, андан соң кызга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.