Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев электр жарыгы өчүрүлөрдө алдын ала эскертүүлөр берилиши керектигин билдирди.
Айтымында, электр энергиясы маселеси боюнча эл өкүлүнүн дарегине аймактардан кайрылуулар түшүп жатат.
"Нарын, Ысык-Көл, Ош жана башка аймактардан электр энергиясы маселеси боюнча чалып, жазып жатышат. Эми түшүнүктүү, өчүрүүлөр болуп жатканы. Бирок эл графиктерди сурап, "качан өчүрүлө турганын билели" дешүүдө. Өзгөчө үйүн электр энергиясы менен жылыткандарга оор болуп жатат. Мисалы, Октябрь районунда Улан-2 деген райондо эки сутка бир топ үйлөр электр энергиясыз калышты. Ушундай суукта. Мындай болбойт. Графикти көрсөткүлө", - деди депутат.
Ошондой эле депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, электр жарыгы өчүрүлө турган болсо алдын ала графиктерди берүүнү суранды.