"Бир бөлмөлүү батирлер 30-40 миң сом". Депутат батир ижара акысын көзөмөлдөөнү суранды

Депутат Бактыбек Марипов Бишкек жана Ош шаарларында ижара берилген батир акысын көзөмөлгө алууну суранды. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 25-декабрдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Бишкек жана Ош шаарларында батирлерди ижарага берүүнү кайсы кызмат көзөмөл кыларын сурады.

"Себеби бир бөлмөлүү батирлер бүгүнкү күндө 30-40 миң сом, эки бөлмөлүү батирлерди 50-60 миң сомдон берип жатышыптыр. Жаштар, студенттер, жаңы үй-бүлөлөр батир ижара бааларын көзөмөлдөөнү суранып жатышат.

Ижарачылардын "жаш балалууларга бербейбиз", "бир бөлмөлүү батирди экиден ашык кишиге бербейбиз" жана "алдын ала төлөм жүргүзөсүңөр" деген шарты бар экен. Ушул батир бааларын көзөмөлдөсөк", - деди депутат.

Эл өкүлү калаада студенттер үчүн бир бөлмөлүү батирди 30 миң сомго ижарага алуу оор болорун кошумчалап, бул боюнча тиешелүү кызматка тапшырма берүүнү суранды.

Депутат батир ижара акысын көзөмөлдөөнү суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан