Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкектеги ыш маселесин дагы көтөрүштү.
Эл өкүлү Исхак Масалиев ыш маселесин азайтуу багытытында кабыл алынган чечимдин аткарылышы боюнча тийиштүү кызматтардын отчет берүүсүн талап кылып, Өкмөттүн бул багыттагы ишине нааразы болду.
“Бир жыл мурун биз ушул жерде Бишкек шаарындагы ыш боюнча маселе көтөрүп, жакшы жыйынтыкка келгенбиз. Ошол чечимдин аткарылышын тез арада угушубуз керек. Бир жыл өтүп кетти, эмне үчүн ыш азайган жок? Тескерисинче, көбөйүп кетип бара жатат. Токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты угуп койсок. Өкмөт келип түшүндүрүп кетсин”, - деди Масалиев.
Ал эми депутат Элдар Абакиров ыштан улам Бишкектин тегерегиндеги аймактарда дем алуу кыйындаганын айтып, балким, көмүрдүн сапатынан болуп жаткандыгын айтты.
“Каракече көмүрдүн ордуна башка бышкан көмүрлөрдү колдонуп көрсөк деген сунуш бар. Кыскасы, жолун издеш керек. Болбосо элибиздин ден соолугуна миллиондогон зыян келип жатат”, - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, Бишкек бир ай мурун дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын ондугуна кирсе, күн мурун үчүнчү орунду ээлеген.