Жаңы жылдан тарта Жогорку Кеңештин иштөө тартибине өзгөрүүлөр кирет

Бүгүн, 25-декабрдагы парламент жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөр киргенин айтты.

Ал белгилегендей, Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине өзгөртүүлөр кирген. Тагыраагы, Ар кандай маселелер мындан ары аптанын бейшемби күндөрү эмес, шаршемби күндөрү каралат. Төрага депутаттарга жаңы эреже менен Жаңы жылдан кийин иштеп баштоону сунуштап, аны кесиптештери колдоду.

Белгилей кетсек, Ар кандай маселелерде депутаттар жыйындын түшкө чейинки бөлүгүндө өздөрүнө шайлоочуларынан келген кайрылууларын жана аймактардагы көйгөйлөрдү өкмөткө айтып, тиешелүү тапшырмаларды беришет.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан