Парламенттин бүгүн, 25-декабрдагы жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Орусиядагы мигранттардын балдарынын окуусу тууралуу маселе көтөрдү.
Эл өкүлү Орусияда орус тилин билбеген балдарды мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзамды эске салып, онлайн болсо дагы мигранттардын балдарын окутуу керектигин айтты.
"Жакында Орусия Федерациясынын Думасынын кабыл алынган мыйзамы боюнча, орус тилин билбеген балдарды мектепке алууга тыюу салып койду. Биздин Билим берүү министрлигинде өткөндө мен уккан маалымат боюнча онлайн окутуу деген программаны ойлоп жатышты эле. Мына быйылкыдан дагы калып калды бул. Эмнеге эле кечеңдетип жатышат? Жок дегенде балдарыбызды ошол жакта онлайн окуусун уюштуруп берип койсок болбойбу? Ушуну көзөмөлгө алыңызчы", - деген депутат президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда милдеттүү түрдө орус тилин билүүсүн текшерүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырганы кабарланган.