Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда депутат Медер Алиев өз сунушун берди.
Эл өкүлү сот тармагындагы адилеттүүлүккө күмөнү бар экендигин айтып, реформа керектигине токтолду.
“Бул мыйзам абдан оор, күчтүү, татаал. Салыштыра турган болсок, өрт менен барабар. От үйдү жылытат, бирок ал жерде өрт чыгып кетиши мүмкүн. Андытан сот адилеттүү иштейби деген суроо туулат. Ар бир коррупцияга шектелген кишинин ишин дыкаттык менен карап, мыйзамга таянып адилеттүү чечим чыгарабы? Маселе бар. Тергөөчүлөр кызыкчылыктардын кагылышуусунан арылабы, мыйзамдуу тергейби? Бул жерде да чоң суроо бар”, - деп белгилеген депутат.
Ошондой эле Алиев мыйзам кабыл алынган соң Министрлер кабинети сот орагандарында жана ИИМдин тергөө тармагына реформа жүргүзүшү керектигин билдирди. Ал мыйзамдын арты менен тагдырлар сынып калышы мүмкүн экендигин кошумчалап, бул мыйзам учурдагы чиновниктердин да башына келип тийиши мүмкүндүгүн айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш экинчи окууда "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат.