Банк ишинин адиси Толкун Тагаевге өзүнүн ишкердик ишин баштоодо колледжден алган билими жардам берди. Толкун Яндекс Go өнөктөшү катары таксопарктар тармагын өнүктүрүүдө. Ал жакта да блогердик иштин жана такси айдоочунун тажрыйбасынын жакшы пайдасы тийди, бул кантип жана кандайча болгонун интервьюдан окуӊуздар.
Үлгүлүү айдоочу...
Бул интервьюну жаздыруу үчүн Кызыл-Кыянын тургуну Толкун Тагаев түштүк аймагынан Бишкекке атайын учуп келди. Дегеле ал үч шаарда жашайт: Москва жана Бишкекте өнөктөшү менен чогуу жүргүзгөн бизнеси бар – шаарда таксопарктын башкы кеӊсеси жана эки филиалы иштейт, ал эми Кызыл-Кыяда – үйү жана үй-бүлөсү турат.
«Пандемияга чейин ар кандай жерлерде иштедим, бирок туташ карантин убагында кошумча акча иштеп табуу керек болду - «Капитал Бишкек» таксопаркынын директору иш эмнеден башталганын ушундайча эскерет. – Мен Яндекс Go өнөктөшүнө айдоочу болуп катталдым. Бош убактымда өзүмдүн Honda Fit автоунаам менен линияга чыктым. Мага жумуш жакты жана көп өтпөй таксиде иштөөгө толук өттүм».
Толкун тынымсыз иштеди – кээде айына 300дөн ашык буйрутма аткарчу. Бир жолу Спорт сарайдагы коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн ачылган күндүзгү стационарга катуу оорулуу чоӊ энени жеткиргенин эскерет. Анда оору жугат деген коркуу болгон эмес. Адамга жардам берүү жана улгайган жүргүнчүнү медиктердин колуна тапшырууга жетишүү каалоосу гана болгон.
«Эмоциялык жактан татаал болгон жок. Мен көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө көнгөн стресске туруктуу кишимин. Бул биздин жумушубуз, аны жакшы аткаруу жана баарына токтоо мамиле кылуу керектиги түшүнүктүү. Ошондуктан жүргүнчүлөр менен чыр-чатактуу кырдаалдар эч качан болгон эмес. Машиналардын техникалык абалына да көз салчумун. «Эконом» же «Бизнес» тарифинде иштейсиӊби, эч айырмасы жок, автоунаа техникалык жактан оӊ жана таза болушу керек. Кардарлар сенин ишке болгон мамилеӊди байкайт жана баалайт. Мага көп учурда чайлык пул калтырып жана жагымдуу сапар үчүн ыраазылык айтышчу», - дейт Толкун Тагаев.
... жана блогер-альтурист
Ал кезде атаандаштык төмөн, таксопарктар саналуу гана болгонун ишкер түшүндүрөт. Аларда айдоочуларга жакшы көӊүл бурулчу эмес жана колдоого деле үмүт артуу мүмкүн эмес болчу. Ал эми жаӊыча – агрегатор менен иштөө үчүн көп маселе жаралган. Платформага кантип катталса болот? Фотоконтролдон кантип өтүү керек? Чакырууну кантип кабыл алат? Накталай эмес акчаны кантип алуу керек? Балансты кантип толуктоо керек? Ушунун баарын эч ким түшүндүрчү эмес. Ошондо айдоочу өзүнүн YouTube блогун жүргүзүүнү чечкен. Бул Кыргызстандагы такси жөнүндөгү эӊ биринчи видеоблог болгон.
- Сиздин YouTube-канал эмне жөнүндө?
- Биринчи кезекте мен өзүм түш болгондой, кардарларга туура мамиле кылуу маселесин кантип чечүү жөнүндө айтып бердим. Мен бул ишке жаӊы киришкендер көп жана окутуу видеолорум пайдалуу болот деп ишенгем. Блог тез эле белгилүү боло баштады. Бүгүн каналга дээрлик 22 000 киши катталган, бирок акыркы жарым жылда аны менен иштебей калдым. Азыр негизинен бизнести илгерилетүү үчүн Инстаграм жана ТикТок баракчаларды иштетип жатабыз.
Блог негизги ишмердүүлүк болгон жок, андан акча иштеп табуу максаты дагы эч качан болгон эмес – коммерциялык сунуштарда баш тарттым, болгону адамдар үчүн пайдалуу контент тартып жүрдүм. Мен азыркыга чейин башка адамдар дагы бул тармакта иштеп жана өнүгүшү үчүн кимге жардам керек болсо кеӊеш берип турам.
Биринчи кеӊсем машинам болду
- Сиз өз ишиӊизди кандайча ачып калдыӊыз?
- Мындай чечимге катталуучулар түрткү болду. Видеого жазылган пикирлерде, жекече жолугушууларда көбү таксопарк ачууну сунуш кылышты, мени менен иштөөнү каалашты. Айтмакчы, мен өз ишмердигимди өзүмдүн роликтеримди тарткан «Ынтымак» паркынын унаа токтотуу жайында баштадым. Алгач Бишкекте кеӊсем жок болчу жана айдоочуларды машинада отуруп каттап жүрдүм.
Баштапкы салым дагы чакан болчу – биз өнөктөшүм экөөбүз ишке 300 миӊ сом коштук. Бул сумма кызматкерлерди жалдоого, кеӊсенин ижарасына, телефон жана ноутбук сатып алууга жетиштүү болду. Мен такси айдоочу болуп иштеп жүргөн кезде топтогон акчамды салдым. Алгач биз Москвада кеӊсе ачтык, ал эми эки жыл аралыгында Бишкекте дагы эки филиал пайда болду. Кыргызстанда бизге кошулган 10 000 ашык айдоочу бар, андан 700 жакын киши активдүү иштейт.
- Ишти баштоодо эмне эӊ татаал болду?
- Биричи баскычта кандай документтер менен кайсы мамлекеттик мекемеге кайрылууну билбегенден улам кыйынчылыктар пайда болгон. Калган учурларда өз ишиӊди баштоо татаал эмес – ал эми Яндекс Go келгени дегеле ар бир каалоочу бул тармакта иштеп, өсүп жана өнүгө алат: нускамалар так, эрежелер түшүнүктүү, бардыгы ачык. Ал эми эки мамлекетте иш жүргүзүү тууралуу айтсак, бир жагынан Россияда иштеген пайдалуу, экинчи жагынан ал жакта мыйзам талабы катаал. Кыргызстанда бизнес жүргүзүү бир аз жеӊил, бирок кирешеси азыраак.
Башында жаӊы иштеген айдоочуларга чакырууну кабыл алууга жана аяктоого жардам берүү үчүн барчумун
- Бүгүнкү күнү сиздин паркта канча автоунаа бар?
- Бизде Москвада 500 жакын машина бар, аларды айдоочулар ижарага ала алышат, ал эми Бишкете үчөө эле. Жергиликтүү айдоочулар негизинен менчи чавтоунаалары менен иштешет – бул ижарага алганга караганда пайдалуу. Бирок биз өз паркыбызды кеӊейтүүнү пландап жатабыз. Азыр люкс классындагы автоунааларды алуу жөнүндө өнөктөштөрдүн сунушун карап жатам. Жазында ата мекендик «Тулпар Моторс» заводу менен иштеше баштайбыз, такси үчүн автоунаа сатып алабыз.
- Айдоочулар менен кандай шарттарда иштейсиздер? Рейтинги жогору таксисттер үчүн кандайдыр бир бонустар каралганбы?
Биз ар бир чакыруудан таксопарк комиссиясын эӊ аз алгандардын бирибиз, акциялар убагында кошулууда арзандатуу ала алышат, мисалы алар жыл ичинде күчүндө болот. Талаптар стандарттуу: тыкан кийинген айдоочу, техникалык абалы жакшы, салону таза машина. Өзүбүз тараптан күнү-түнү колдоо сунуштайбыз. Мисалы тиркемеге кошулууга жардам кылабыз жана аны менен кантип иштөө керектигин айтып беребиз. Жаӊы иштегендерге чакырууну кабыл алууга жана аяктоого жардам берүү үчүн атайын барган учурларыбыз болгон, себеби ал кезде Яндекс технологиялары жана стандарттары баарына жаӊылык болгондуктан түшүндүрүүгө туура келчү. Чыр-чатактуу кырдаалдар келип чыга турган болсо аларды дагы чечебиз, накталай эмес тез төлөмдөрдү камсыз кылабыз, ар кандай утуштарды өткөрөбүз жана чакырууларды көп аткаргандар үчүн бонустарды сунуш кылабыз. Мисалы «Бизнес» тарифинде иштеген айдоочулар азыр таксопарктын кеӊсесинен өз кардарлары үчүн сууну акысыз ала алышат.
- Чыр-чатактар кантип чечилет?
- Колдонуучу тиркемедеги колдоо кызматына арыз менен кайрыла алат, же бизге түз телефон чала алат. Биз эки тарапты теӊ толук угабыз жана чара көрөбүз. Жакында «Бизнес» тарифинде машина чакырткан жүргүнчү айым салондогу тамекинин жытына арызданган окуя болду. Көрсө айдоочу көчөдө тамеки тартып жаткан жана чылымды чегип бүтпөй эле дароо чакырууну кабыл алган экен. Ал экинчи мындай кылбоого убада берди. Болбосо рейтинги төмөн түшөт жана «Бизнес» тарифинде буйрутма аткара албай калат. Албетте жүргүнчүнүн ылайыксыз кылык-жоругуна айдоочу даттанган учурлар да болот.
- Чыныӊызда айтсаӊыз, сиз айдоочу же жүргүнчү тараптасызбы?
- Мен адилетүүлүк тараптамын. Чыр-чатактын катышуучулары менен дайыма сылык сүйлөшөм. Баарын тынчтандырууга жана кылдаалды чечүүгө аракет кылам. Иштин бул бөлүгү чыдамкайлыкты, кылдат мамилени жана сабырдуулукту талап кылат. Негизи тейлөө тармагында дайыма кыраакы болуу, кардарларга жана аткаруучуларга дагы түшүнүү менен мамиле кылуу керек.
- Кандай учурларда таксопарк айдоочу менен иштешүүнү токтотушу мүмкүн?
- Бир нече жолку мыйзам бузууда, таптакыр түшүнүшүү болбой калганда токтотобуз. Бирок биз дайыма жалпы тил табышууга аракет кылабыз. Рынокто атаандаштык абдан чоӊ – бүгүнкү күнү 200 ашык таксопарк иштейт жана баары кесипкөй жана тажрыйбалуу айдоочуларды баалайт.
Киреше жана келечек тууралуу
- Айдоочулар кандай кирешеге үмүт кылса болот?
- Эгерде анча кыйналбай, эс алып жана түштөнүүгө тыныгуу менен иштесе күнүгө орточо 3 000 сом иштеп табууга болот. Жалпысынан киреше деӊгээлине жана бакубатчылыкка көп факторлор таасирин тийгизет. Айдоочу өзүнүн автоунаасы менен иштеп жатабы, же аны ижарага алдыбы же насыя төлөп жүрөбү, ошого жараша болот.
Яндекс Go келгени киреше табуу мүмкүндүгү абдан жеткиликтүү болуп калды, тиркемеге бардык адамдар кошула алат. Айдоочуларда жумуш иштөө жана киреше табуу, ал эми жүргүнчүлөрдө таксини оӊой чакыруу жана жагымдуу сапар жүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, күтүүлөр түшүнүктүү болуп калды, биз тейлөө сапатынын деӊгээлин билебиз. Колдонуучу машина чакырууда айдоочунун рейтингин, анын фото сүрөтүн, машинанын номерин дароо көрөт, ошондой эле күтүү жана жол жүрүү убактысын биле алат. Андан соӊ ал дайыма сапарга баа бере алат, айдоочу үчүн комментарий калтырат же колдоо кызматына суроолор менен кайрыла алат. Бул абдан ыӊгайлуу жана функционалдуу.
Бул өнөктөш айдоочулар үчүн башка ишмердикти таксиде иштөө менен айкалыштыруу же автоунаанын негизги киреше булагына айлантуунун дагы мүмкүнчүлүгү. Өзүм тууралуу айтсам, мен батирлүү болдум, лизингге машина алдым. Оюмда көптөгөн долбоорлор жана пландар бар, аларды ушул өнөктөштүк аркылуу ишке ашырууга үмүттөнөм.
Өз ишиӊде кантип мыкты болуу керек
- Сизге ишкерди кылуу кандай болду?
- Мен өзүмдү абдан ишеимдүү жана ыӊгайлуу сезем. Айдоочу болуп иштеп, бул жумуштун «майда-чүйдөсүн» толук үйрөндүм жана бул жагынан өз ишимди ачууда кыйналган жокмун. Рынокто атаандашууга жөндөмдүү бойдон калууга айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө бардык кырдаалдарда туура мамиле кылуу, талаш учурларды туура чечүү жардам берет. Ошондуктан айдоочулар бизге ишенет жана бизди тандайт деп ойлойм.
- Жакындарыӊыз сиздин жумушуӊузга кандай карайт?
- Менин ишим аларга жагат. Ушул тармакты тандап алганыма баары кубанычта жана ушул жумуш менен каражат иштеп табам. Апам менен жубайым дайыма мени колдойт, кандайдыр бир жагымсыз жагдай болуп калса жубатышат. Биздин үй-бүлө чоӊ жана ынтымактуу. Аялым экөөбүз үч баланы тарбиялап жатабыз. Алар чоӊойгондо баарыбыз чогуу саякатча чыгабыз жана жашоого ырахаттанабыз деп ойлойм.
- Эмне жөнүндө кыялданасыз?
- Ушул тармакта өнүгүүнү, өз ишимде мыкты жана эркин адам болууну кыялданам.
- Сиз үчүн эркин болуу деген кандай?
- Мыйзам менен жашоо жана ак ниет иштөө, эртеӊки күн жөнүндө кыжаалат болбой, эӊ жакын жана эӊ кымбат адамдардын курчоосунда кызыктуу өмүр сүрүү.