Эртең, 26-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6 ... -11, күндүз +3 ... +8;
Талас облусунда түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +5 ... +7;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +6 ... +8;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -7 ... -9, күндүз +3 ... +5;
Нарында түнкүсүн -18 ... -20, күндүз -6 ... -8 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн -6 ... -8, күндүз +5 ... +7 градус болот.