Бишкектеги ыш көйгөйү: Депутат балдардын ден соолугуна кабатыр болду (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин бүгүн, 25-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүн айтып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлүнөн аталган маселе боюнча аткарылып жаткан иштерди сурады.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын экологиялык абалын карасак калктын ден соолугуна катуу зыян келтирген абалга келип калыппыз. Азыркы күндө эшикке чыксаң эле аба жетпей, дем ала албай кыйналып атышат биздин жарандарыбыз. Ошол эле учурда бала бакчадагы балдарды эшикке чыгарбоо боюнча сунушту киргизем. Эмне үчүн? Анткени азыркы кезде эшикке чыгуу жана ошол учурда бөлмөнү желдетүүгө тыюу салынат абанын булганышы мындай көрсөткүчтө турганда. Карап көрүңүздөрчү? Өзүбүз эшикке чыкканда кыйналып жатабыз ал эми балдар кандай болуп жатат? Кандай чараларды көрүп жатасыздар?" деп министрликтин өкүлүнө суроо берди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү аталган маселе боюнча ведомство аралык комиссия иштеп жатканын айтты.

"Бул боюнча ведомство аралык комиссия иштеп жатат. Абал эми өтө критикалык эмес. Сезип атабыз. Иш алып барабыз. Буга чейин өзүңөргө маалым шаардын тегерегиндеги конуштардын бүт баарын тең газга өткөрүп жатабыз. Мындан тышкары көмүр жагылган жерлерге фильтрлерин алмаштырууга тапшырма бердик" деди ал.

Айтылган жоопко канааттанбаган эл өкүлү ыш көйгөйү көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын эске салып, анын кесепети жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Мындан тышкары депутат быйылкы жылы фейерверктерди колдонууга тыю салган Бишкек мэриясынын чечимин кубаттап, мындай чараларды көбөйтүү зарылдыгын айтты.

"Пиротехникалык каражаттарды сатууга тыю салып, эч ким колдонбосун деген кандайдыр бир чечим чыгарыңыздар. Тез арада. Сиз билесиз, жаңы жылда көптөгөн жарандарыбыз салют жардырганды жакшы көрүшөт. Андайга барсак шаарыбыз 1-январда эмне болот?" дейт эл өкүлү.

Экология министрлигинин өкүлү абалды көзөмөлгө алып, бул боюнча иш алып бара тургандыктарын билдирди.

Белгилей кетсек, World Air Quality уюмунун 25-декабрь саат 16:25ке карата индексинде Бишкек абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкканы көрсөтүлөт.

25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан