Эрулан Кокулов: "УКМК, силерге сөз жок!" (видео)

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов укук коргоо органдарына кайрылып, пара алгандарды гана эмес, пара бергени үчүн да жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Эл өкүлү Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзамдардын дээрлик бардыгын эле Жогорку Кеңеш колдоп берип жатканын айтып, ошого жараша мыйзамдарды иштетүүгө чакырды.

"УКМК, эми силерге сөз жок! Жакшы иштеп жатасыңар, коррупция менен жакшы күрөшүп жатасыңар, бирок жогору жакта эле. Дагы кайталап кетейин, ортоңку, ылдыйкы катмарда коррупция мурда кандай гүлдөгөн болсо, дагы деле ошол бойдон.

Кат жүзүндө кайрылгыла дейсиңер. Мага кат жүзүндө кайрылдык деген жарандар келип жатышат. УКМКга барса прокуратурага, прокуратурага барса ИИМге түртөт. А сотко ишиң түшсө такыр эле айтпай эле коёюн", - деди Кокулов.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан