Бишкекте 31-декабрь түнү коомдук транспорт канчага чейин иштейт? Мэриянын жообу

Бишкекте 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт саат 03:00гө чейин иштейт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, күн сайын шаардыктарды тейлеп жаткан 56 каттам же 1200 транспорт толугу менен каттамга чыгат.
Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү максатында кабыл алынгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Мэрия ошол күнү тыгындарды алдын алуу максатында шаардыктарды жана келген конокторду жеке унаанын ордуна коомдук транспортторду колдонууга чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан