2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн өлкөлөрүнүн жарандары Кыргызстанга визасыз кире алат. Бул туурасында кечээ, 25-декабрда ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган өлкөлөрдүн турист катары келген жарандары Кыргызстандын аймагында жарым жыл уруксат берүүчү документтерсиз жүрө алат. Ал эми башка максаттар менен кирген учурда визиттин тиешелүү максаттарына (мисалы: эмгек ишмердигин жүргүзүү, окуу) визаларды тариздөө талап кылынат.
Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана өлкөнүн инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталгандыгы маалыматта кошумчаланган.