Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча шаарга Түркия мамлектинен чыгарылган 48 бирдик автобус келди, дагы кошумча 37 автобус келүсүү күтүлүүдө. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул кадамдар шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыздоо багытында ишке ашууда.
Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында жыл башында газ менен иштеген 124 автобус алынып келинген. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен алынуучу 1000 автобустун 500ү шаарга жеткирилген.