Бүгүн, 26-декабрга караган түнү Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырысыгы катталып, эки унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 26-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек шаарынын Щербаков жана Сеченова көчөлөрүн кесилишинде 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран КИА К5 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Щербаков көчөсү менен күн чыгышка бара жатып, ошол эле көчөнүн күн батыш тарабына келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Ал унааны 1989-жылы туулган Э.Д. аттуу жаран башкарып бара жаткан.
Натыйжада, окуя болгон жерден автоунаалардын айдоочулары денелеринен алган оор жарааттардын кесепетинен каза болушкан.
Ал эми автоунаалардагы 3 жүргүнчү алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Бишкек ШИИББине катталып, бардык экспертизалар дайындалды.