Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлерине 54 кызматтык унаа берилди. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
“Жаңы жылдын алдында сот аткаруучулар кызматы түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы кызматтык унааларды алып жатат. Бул өлкөнүн материалдык-техникалык базасы чыңдалып жаткандыгынан кабар берет. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 миллион 898 миң сомго 54 кызматтык унаа алынды”, – деп билдирди Касымалиев.
Төрага акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн бюджет дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Сот департаментине Кыргызстанда чыгарылган Шевроле Трекер унаалары алынган.