Таласта 14,6 миллион сомдук имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 2550 чарчы метр жер тилкеси 259,4 чарчы метрлик соода имараты менен бирге мамлекетке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдалгандай, №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тиешелүү болгон аталган жер аянты Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2004-жылдагы токтому менен жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. Анын негизинде райондук прокуратура тарабынан акты түзүлүп, наркы 14 миллион 663 миң 670 сомго бааланган мүлк муниципалдык менчикке кайтарылган.

Ошондой эле Талас облусунун Айтматов райондук прокуратурасы Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 0,77 гектар жайыт жери 11 жаранга мыйзамсыз бөлүнүп берилгендигин аныктап, сотко доо арыз келтирген. Жыйынтыгында ал канааттандырылып, баасы 1 миллион 910 миң сомду түзгөн жайыт жер да муниципалдык менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан