Бишкек шаарында денеге оор залал келтирүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда милицияга ооруканадан 72 жаштагы жаран оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Ал 2 күндөн кийин алган жараатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.