Ошто пиротехника жана тез татым саткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 26-декабрда Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлер жана тез татым түйүндөрүн кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМ кызматкерлери жаңы жылдык майрамга карата сатылып жаткан пиротехникалык каражаттарды жана тез татымдарды бышырып саткан жарандардын газ жана электр приборлорун пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин сактоосу боюнча карап чыгышты.

Ошондой эле алар өрт коопсуздугун алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан