Бүгүн, 27-декабрда президент Садыр Жапаров бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу SUPER.KG медиа порталына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдириди.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.
Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Түз алып көрсөтүүнүн башталышы — 12:00.