Баткенде жер титиреди

Кечээ, 26-декабрь күнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, жердин силкинүүсү саат 23:22ге туура келгенин тастыктады.

Маалымдалгандай, анын күчү очогунда күчү 3 баллга жеткен.

"Жер титирөө Кадамжай районунун Лангар айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кара-Оток айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 95 чакырым аралыкта жайгашкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Жер титирөөнүн күчү Лангар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан