Чүйдө 12 гектар жер мамлекетке алынды

Чүй облусунун Москва районунда 12 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз пайдаланылып келгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдагандай, Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан жерлер бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, каттоодон жашырылып келген. Натыйжада, бюджетке салык, ижара же кандайдыр бир инвестициялык төлөмдөр түшпөй келген.

"Жалпы наркы 88 миллион 215 миң сомго бааланган жер аянттары прокурордук чара көрүү актысынын негизинде муниципалдык менчикке алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан