Бишкектеги Кызыл-Аскер конушунда жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Бүгүн,27-декабрда Бишкектеги Кызыл-Аскер конушунда жаңы курулган №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин жер тилкеси 15 сотых, ал эми имараттын жалпы аянты 1400 чарчы метр. Үй-бүлөлүк медицина борбору керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган.

Үч кабаттуу жана жер төлөсү бар имарат 150 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган, электрдик жылытуу системасы орнотулду.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана вице-мэр Азамат Кадыров катышты.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан