Бишкекте дарыялардын нугу тазаланууда. Аны мэр өзү көзөмөлдөөдө

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча башталган ири иштерди текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Эң алгач шаар башчысы ӨКМдин өкүлдөрү менен бирге Аламүдүн дарыясын көрүп чыкты.

Маалымдалгандай, таңкы саат 6:00дөн баштап ишке 30 экскаватор жана шаардык кызматтарга караштуу HOWO маркасындагы 55 жүк ташуучу унаа тартылды. Жалпысынан 85 техника иштеп жатат.

Бул иштер биринчи жолу Бишкек мэриясынын тиешелүү ишканалары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка муниципалдык кызматтардын күчү менен жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 километрди түзөт.

Мындай иштер калкка коопсуздук камсыздоо жана кышкы мезгилде суу ташкындарын алдын алуу максатында жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан