Адвокат камактагы Темирлан Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын билдирди

Бүгүн, 28-декабрда адвокат Улан Сейитбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбековго жактоочусу менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтты. Анын билдирүүсү Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Кадырбек Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Сейитбеков жолугушууга Бишкектеги №21 тергөө абагынын жетекчилигинин буйругу менен уруксат берилбегенин айткан.

"№21 тергөө абагынын жетекчилиги бул буйругу менен анда кармалып турган жарандардын адвокаттары менен жолугушуу жана юридикалык жардам алуу укугун бузат. Ошондой эле СИЗОнун иш тартибин өзгөртүү боюнча бул буйрук мыйзамдын нормаларына, тактап айтканда, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 17-беренесине карама-каршы келет. Ага ылайык, камалгандар жактоочулары менен дем алыш күндөрү да жолугууга толук укуктуу", - деди адвокат.

Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаганы кабарланган.

Акыйкатчы институту бул Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесин бузарын эскерткен. Ага ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан