Бишкектеги каналдардын ичи тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык борбор калаадагы каналдардын ичин тазалоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн ондогон атайын техникалар тартылды. Ылай менен чогуу ар кандай акыр-чикир таштандылары алынып чыгууда.
"Бул жазында суу кирген учурда, суу ташкындарынын алдын алууга жардам берет. Учурдан пайдаланып арыктарга, каналдарга таштанды таштабоого чакырам", - деп жазды Алагөзов.