Бүгүн, 8-январда Кувейтте футбол боюнча Кыргызстан курама командасы машыгуу сборун баштайт. 17-январга чейин созулуучу машыгуу сборуна башкы машыктыруучу Сергей Дворянков 28 футболчуну чакырган. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Ушул жылдын май айында өтүүчү АФКнын Чакырык кубогуна даярдык иретинде уюшулуп жаткан сбор алкагында курама команда Кувейттин клубдары менен жолдоштук оюн өткөрөт.