Кыргызгидромет маалымдагандай, бүгүн, 30-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз +3…+8;
Талас жергесинде күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +9 ... +11;
Ысык-Көлдө күндүз +4…+9;
Нарын дубанында күндүз 0…-5.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +5…+7 градус жылуу болот.