SUPER.KG "Жылдын мыкты порталы" номинациясына ээ болду 

SUPER.KG порталы "GREAT AWARDS OF THE YEAR" сыйлыгында "Жылдын мыкты порталы" номинациясына ээ болду. Аталган сыйлык 4 жылдан бери уюштурулуп, ар тармактагы мыктыларды тандап келет.

Сыйлык тапшыруу аземи 29-декабрда өтүп, атайын концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, SUPER.KG порталы буга чейин “M-Vector” консалтинг компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, Кыргызстандагы ЖМКлардын арасында интернет платформаларында эң көп окулган жана көрүлгөн медиалардын арасында 3-орунда. Ал эми кыргыз тилдүү медиалардын арасында 2-сапта жайгашкан.

SUPER.KG маалымат-маанайшат порталы – Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин жеке сайты. Портал 2006-жылдын 28-мартында ишке кирип, кыргыз тилдүү медиадан орун алган.

Сайтта коомдук жаңылыктар онлайн режимде "Соңку кабар" бөлүмү аркылуу элге жеткирилип турат. Портал окурмандарын саясат, коом жана турмуш, спорт, маданият, шоу-бизнес, элдик кабар, кылмыштар, кырсыктар, түркүн дүйнө жана башка рубрикалардагы маалыматтар менен камсыздап келет. Ошондой эле карапайым элдин үнүн тиешелүү кызматтарга жеткирген "Элдик кабар" бөлүмү дагы бар.

2008-жылы
SUPER.KG порталынын YouTube каналы ачылып, 2018-жылы портал YouTube'дун күмүш баскычына, ал эми 2022-жылы алтын баскычына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан