Бишкектеги Аламүдүн дарыясынан 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган тазалоо иштери жүрүп, ага жалпы 85 техника тартылган. Ал эми Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, иш-чара бир нече ишканалардын катышуусунда жүргүзүлгөн. Тазалоого "Бишкек жашыл курулуш", "Тазалык", "Бишкекасфальтсервис", "Бишкексууканал", "Бишкек санитардык полигону", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканалары жана Бишкек шаардык жол кайгуул кызмат башкармалыгы, ӨКМ, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы катышкан.