Чүйдө жол кырсыгы катталып, төрт жаран жаракат алып, 19 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда облустук ЖКККБ маалымдады.
Белгилүү болгондой, кырсык 29-декабрга караган түнү саат 02:15 чамасында катталган. Анда Хонда Фиттин айдоочусу Алматы көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, карама каршы тилкеге чыгып даракты сүзгөн.
Анын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан 21 жаштагы эки жаран, 18 жаштагы, 20 жаштагы жарандар жаракат алып, облустук ооруканага кайрылган. Алардын дагы бири 19 жаштагы жигит жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калган.