"Союз мезгилинен жогору". Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы жыл жыйынтыгын айтты (видео)

Өлкө боюнча жалпы 230 социаллык объект курулуп, колдонууга берилди. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, курулуштун жүздөн ашууну мектеп.

"Курулуштар үчүн быйылкы жыл алдыңкы жылдардан болду. Өлкө боюнча 100дөн ашуун мектеп, 50дөн көп бала бакча, 20дай ирригация багытындагы иштер тапшырылды. Мындан тышкары медициналык мекемелер, спорт тармагындагы курулуштар, айтор, алдыңкы жылдардан болду. Жалпы эсеп менен алганда 2 миллион чарчы метрден ашык жерге курулуштар түшүп, союз мезгилиндеги 1,5 миллион аянтты ээлеген курулуштан аштык.

Ошондой эле 131 калктуу конуштун башкы планы бүткөрүлдү, "Үч чоку" долбоору даярдалды. Курулуш лицензиясын алуу жеңилдетилип, бюджет 60 миллион сомго толукталды. Ал эми агенттиктин жалпы кирешеси 870 миллион сомду түздү. Сыноо техникалык базасы жаңыланды, санариптештирүү киргизилди", - деп билдирди Орунтаев.

30.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан