"Цех, завод, ГЭС". Бүгүн Баткен облусунда 6 объект ачылды

Бүгүн, 30-декабрда Баткенде 6 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жалпы суммасы 5 миллион долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Натыйжада 140 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Ишканалар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды. Ошондой эле ишканалардын ачылуу аземине жеринен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Төмөнкү ишканалар ачылды:
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына курулган "Белес" чакан ГЭСи.
- Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан этти кайра иштетүүчү цех;
- Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Мурзакарим” ЖЧКсынын темир бетон заводу;
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКсынын шагыл майдалоочу цехи;
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында таш майдалоо жана бетон чыгаруу цехи;
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” ЖЧКсынын Үч-Коргон көмүр кени.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган.
Мындан тышкары Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген.
Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан