Актаудагы авиакырсыктан аман калган кыргызстандыктар: “Экинчи жашоо берген Аллахка ыраазыбыз”

Казакстандын Актау шаарында катталган учак кырсыгында жабыркаган 3 кыргыз жараны бүгүн, 30-декабрда Бишкекке алып келинди.

SUPER.KG порталы мекендештерден кабар алып келди. Аквиакырсыктан аман калган Тилек Осмонов менен Эрлан Жунушалиев учурда абалы жакшы экенин, дарыгерлер бардык керектүү дары-дармектерди берип, карап жатканын айтышты.

"Бул жерде Кудай чоң сактады. Экинчи жашоо берген Аллахка ыраазыбыз”, - деди Жунушалиев.

Ал эми учактагы үчүнчү жүргүнчү 20 жаштагы Ринат Асановдун абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан